30 элиталык батири, 10дон ашык унаасы бар.Коррупцияга шектелип Н.Айтмаматов кармалды
Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси А.Н. мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 323-беренесиндеги («Мыйзамсыз баюу») кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
«Н.Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, товарлардын «жалган транзитин» уюштуруп, чоң суммадагы көмүскө киреше алып турган. Ал тапкан акчасын мыйзамдаштыруу үчүн 4,5 миллион долларга 30 «элиталык» батир, 1 миллион долларга 10дон ашык унаа алган», — дешти УКМКдан.
Маалыматка караганда, көмүскө кирешенин көп бөлүгү К.С.И. жана Р.К. курулуш компаниялары аркылуу мыйзамдаштырылып, негизги акциялары Айтмаматов аттуу мамлекеттик кызматкерге таандык экени аныкталган.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.