Саясат

Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болду

Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, Бактыбек Кудайбергенов бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулган. Анын ордуна мэрдин милдетин аткаруучу болуп Таалайбек Сарыбашов келди. Ал мурда Оштун калаа башчысы болуп эмгектенген.

Бактыбек Кудайбергенов 2021-жылдын февраль айынан бери мэрдин милдетин аткарып келе жаткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button