Окуялар

“Кызыңдын абийирин ачам”. Телефондон шантаж кылган жаран кармалды

Айдаркен шаарынын тургуну 65 жаштагы аял кишинин кол телефонуна “Д” аттуу бала чалып, эгер кызың мени менен жашабаса абийирин ачып элге, тууган урукка сүрөттөрүн жарыя кыламын деп бир нече жолу шантаж кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Бул арыз Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 186-беренеси (Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында Айдаркен шаарынын 30-жаштагы туругуну аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button