Окуялар
Санаторияда эс алып жүрүп, көлгө чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

Бостери айылында көлгө чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаадар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 31-август күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын пляжында 1985-жылы туулган С.Д. атту эркек киши көлгө чөгүп кеткен.
Бүгүнкү күнгө чейин куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп келген. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылган.
Сууга чөккөн адамдын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.



