Милиция УКМКнын жалган кызматкерин кармады. ФОТО

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жасалма документ аркылуу адамдарды алдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 20-сентябрында Ысык-Көл РИИБдин криминалдык милиция кызматына Чолпон-Ата шаарында жайгашкан дарыканаларга өзүн Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү катары тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, ар кандай шылтоолор менен 5000 сом акча талап кылып, алып кеткени боюнча ыкчам маалымат түшкөн.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБде КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси («Документтерди жасоо») менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан өзүн Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери катары тааныштырган Чүй облусунун 34 жаштагы жашоочусу кармалды. Ал Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Шектүүдөн жабыр тарткандар болсо, төмөнкү номурларга байланышса болот: 102 кызматы, 03943 4-39-80, 0709 331 515.