Автоунааны акысыз кайра каттоо акциясы жүрүп жатат
Санариптик өнүктүрүү министрлиги автоунааны кайра каттоодо салыктык жыйым алынбай акысыз жүргүзүлүп жатканын эскертти.
Улуттук кампания 31-декабрга чейин созулат. Башка күндөрү автоунааны кайра каттоо учурунда аталган транспорттун тарифтик негизде бекитилген базардагы орточо баасынын бир пайызы мамлекетке төлөнөт. Буга чейин да ушундай эле акция жүргүзүлүп, 0,3 пайызга чейин арзандатуу берилген.
Демек, 31-августка чейин мындай жыйымдар алынбайт, автоунаа ээлери кайра каттоодо кызмат көрсөтүү үчүн гана 498 сом төлөйт. Эгер ал регионун же номерин алмаштыра турган болсо, жалпы сумма 1 633 сомду түзөт.
Акция башталгандан бери (1-июнь) 159 419 машина кайра катталган.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишеним каттын негизинде унааны алып-сатууда төмөнкүдөй жагымсыз жагдайлар жараларын эскертти:
- Жол эрежесин бузуу боюнча айып пулду жана салыкты төлөөдө унаанын түпкү ээси жоопкерчилик тартат;
- Автоунаа катышкан кылмыш иштери жана жол кырсыгы үчүн түпкү ээси жооптуу болот;
- Ишеним каттын негизинде алган жаран унааны кайра каттоодон өткөрө албайт, күрөөдө, камакта бар-жогу жана башка чектөөлөр тууралуу маалыматка ээ болбойт.
Унаанын чыныгы ээси каза болуп калган учурда ишеним кат күчүн жоготуп, анын мураскери менен маселе жаралышы ыктымал.