6 балалуу аялдын камакка алынышы боюнча Октябрь РИИБинин тергөө кызматынын жетекчиси кармалды

Бишкектин Октябрь РИИБинин тергөө кызматынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, жетекчи 6 балалуу Асыл Талипованын иши боюнча кармалган. Кызматкерлер кечээ, 15-ноябрда Аскер прокуратурасына суракка чакыртылган. Бул иш менен тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары да күбө катары суралууда.
Бул фактыны Башкы прокуратура тастыктап, кармалганын айтышты.
1-октябрда жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыгып, анда «алдамчылык» фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразычылыгын билдирген. Анда жактоочу бул ишке Октябрь РИИБинин кызматкерлери дагы аралашканын айткан.
Бул иш боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев кармалып, 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ошондой эле тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы дагы 2 айга камакка алынган.