Дүйнө

АКШда жүк ташуучу унаанын ичинен ысыкка чыдабай 46 мигрант каза болду

АКШнын Техас штатында жүк ташуучу унаадан 46 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Интерфакс Associated Press`ке шилтеме менен билдирди.

“Адамдар ысыктан каза болушкан. Болжолдонгондой, каза болгон адамдар — АКШ чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган мигранттар болгон. 16 адам аман калып, алар медициналык мекемелерге жеткирилген”, — деп жазат ЖМКлар.

Кошумчалангандай, унаанын ичинде суу жана кондиционер болгон эмес.

Ошондой эле өлүктөр табылган жерде абанын табы +40 градуска жеткендиги белгиленген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button