Коом

Нарында минип кеткен аты келип, өзү дайынсыз болуп жаткан кишинин жансыз денеси табылды

ӨКМ 29-июнда маалымат таратып, Нарында мал издеп кетип, үйүнө кайтып келбеген жаран изделип жатканын билдирген. Ал адамдын аты үйүнө келип, өзү табылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты кошунасы билдирген. Бүгүн, 1-июлда ӨКМден жарандын жансыз денеси табылганын билдиришти.

«Жаңы-Жер жайлоосунун Беш-Мойнок тилкесинен 1972-жылы туулган эркек киши ат минип кетип, аты келип өзү дайынсыз жоголгон. 30-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Ат-Башы райондук №45 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, Таш-Тумшук тилкесиндеги суунун жээгинен сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген»,- деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button