Жарым жыл ичинде Кыргызстанга 16 миң автоунаа алып келинген
Жарым жыл ичинде Кыргызстанга ар кайсы мамлекеттен 16 245 автоунаа киргизилгенин Улуттук статистикалык комитети маалымдады.
Жеңил автоунаа импорттолгон өлкөлөр:
Грузия — 6 052 автоунаа;
Россия — 3 072;
Корея — 2 813;
АКШ — 1 557.
100дөн миңге чейин автоунаа алып келинген өлкөлөр:
Литва — 768;
Япония — 736;
Кытай — 439;
Казакстан — 382.
100дөн аз алып келинген мамлекеттер:
Германия — 96;
Канада — 81;
Бириккен Араб Эмирлиги — 79;
Түркия — 29;
Беларусь — 28;
Армения — 24
Өзбекстан — 22;
Мексика — 15;
Улуу Британия — 12;
Тайланд — 8;
Словакия — 7;
Иран — 4;
Австрия жана Франция — 3төн;
Испания, Италия, Монголия, Украина, Эстония — экиден.
Индия, Коста-Рика, Польша, Чехия, Швеция — бирден.
Белгилей кетсек, былтыркы жылдын январь айынан июнь айына чейин Кыргызстанга 5,5 миңден ашыгыраак автоунаа алып келинген. Жеңил машина импортунун өскөн себеби азырынча белгисиз.