ЖАКнын делегациясы Казакстандын Ички иштер министрлигинин Костанайдагы академиясына барды
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын делегациясы Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Костанай шаарындагы Ш.Кабылбаева атындагы Академиясында иштеген кесиптештерине иш сапары менен барышты.
Биздин топтун курамына ЖАКнын окуу борборунун башчысы Б.Абдрахманов, ЖАКнын Башкы штабынын башчысы Б.Калыгулов, эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн кызматкери жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү кирди.
Негизги максат – Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жазык-аткаруу тутумунун комитетине баш ийген жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлерин окутуу боюнча тажрыйба алмашуу.
Эки күндүк иш сапарынын алкагында ЖАКнын делегациясы экстремисттик идеологияга каршы туруу жаатында пробация кызматынын адистерин жана пенитенциардык тутумдун адистерин даярдоочу борборлордун иши менен таанышты. Ошондой эле Нельсон Манделанын эрежелерин изилдөө борборунда «Билим берүү жана илимий ишмердүүлүктүн биримдиги кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга шарт түзгөн шарттар катары» деген темада тегерек стол өткөрүлдү.
Мындан тышкары, коноктор үчүн Казакстандын пенитенциардык тутумунун жана анын кадрдык курамынын презентациясы көрсөтүлдү, пенитенциардык тутумдун окуу комплексине экскурсиялар өткөрүлүп, Академиянын музейин көрсөтөштү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө милиция кызматкерлеринин билимин жана тарбиясын уюштуруу, академиянын илимий ишмердүүлүгү, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду де-радикализациялоо жаатындагы кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, психологиялык билим берүүнүн өзгөчөлүгү сыяктуу маселелер каралды. КРнын ЖАТнын кызматкерлерин соттолгондор менен иштөөгө даярдоо, пробация кызматынын потенциалын жогорулатуу ж.б. темалар талкууланды.
Иш сапардын көрүнүктүү жыйынтыктарынын бири болуп ИИМдин Костанай академиясы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЖАКнын Окуу борборунун ортосунда билим берүү жана илимий-изилдөө иш-чаралары боюнча өз ара уызматташуу тууралуу меморандумдун түзүлгөнү саналат.
Мунун аркасында нормативдик, укуктук, билим берүүчү, статистикалык жана башка эки тарапты кызыктырган маалыматтарды алмашуу мүмкүн болот. Мындан тышкары, билим берүү жана агартуу тармагында биргелешкен илимий-изилдөө жана илимий-практикалык иш-чараларды жүргүзүү пландаштырылууда.