Каркыра жайлоосунда “Triniti – Happy Yurta Fest” этно-бизнес фестивалы өттү — ФОТО

16-июлда Түп районундагы Каркыра жайлоосунда «Тринити– келечектин шаары” мейкиндик өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан уюштурулган Happy Yurta Fest – 2023 эл аралык фестивалы болуп өттү.
Фестиваль маданий, экологиялык жана инвестициялык туризмди талкуулоо аянтчасына айланды. Ага Кытай, Катар, Орусия, Венгрия, Англия жана башка өлкөлөрдөн инвесторлор жана ишкерлер катышты.
Фестивалдын ачылышында вице-премьер-министр Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов сөз сүйлөштү.
Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунун туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар экенин жана мындай маданий иш-чаралар инвесторлор үчүн жаратылыштын кооздугун жана кыргыз элинин меймандостугун өз көзү менен көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Инвесторлор Асман шаарын, Ысык-Көл облусунда лыжа базаларын жана экологиялык шаарчаларды куруу, экологиялык таза продукцияларды чыгаруучу ишканаларды түзүү сыяктуу долбоорлор менен таанышты.

Аталган иш чаранын алкагында Балбай баатырдын 230, мамлекеттик ишмерлер Казы Дикамбаев жана Курман-Гали Каракеевдин 110 жылдык мааракелери белгиленди.
«Каркыра» жайлоосунда 125тен ашык боз үй тигилген .
Фестиваль эки күнгө созулуп, биринчи күнү боз үй, кол эмгек, улуттук тамак-аш боюнча сынактар, жергиликтүү ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү өтүп, иш-чара улуттук спорттук оюндар, «Манас» айтуу, театрлаштырылган сахна жана концерттик программа болду.
Андан сырткары инвестициялык бизнес форум болуп, анда негизинен Орусиядан келген ишкерлер Түп районуна туристтик багытка басым жасалаарын талкуулашты.

Фестивалды уюштуруучулардын айтымында мындай иш чаралар сырттан туристтерди жана инвестиция тартууга чоң мүмкүнчүлук экенин баса белгилешти.

Ал эми 15-июлда «Реал Мадрид» футболдук клубунун машыктыруучуларынын бири Давид Эрнендес Диас Кыргызстанга ушул фестивалга жана бизнес форумга катышып, жаш балдарга футболдун ыкмаларын профессионалдуу үйрөтүү үчүн келди. Анын айтымында, ал Каракол шаарындагы балдар үчүн атайын эки жумалык окуу программасын өткөрөт.
Иш сапардын максаты — балдар арасында спортту өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана жаш футболчуларга белгилүү футбол клубунун ыкмаларын үйрөтүүгө шарт түзүү.

Дэвид Эрнендес Диастын жетекчилиги астында Кыргызстанда 6 жаштан 16 жашка чейинки 150 бала машыгат.
Эскерте кетсек, “Трини» Ассоциациясы аймактык өнүктүрүү боюнча коммерциялык эмес уюм, атактуу Реал Мадрид Фонду (Real Madrid Foundation.on, RMF) менен биргеликте Кыргызстандын Каракол шаарында балдар үчүн атайын эки жумалык окуу программасын уюштурууда. Бул демилге балдар арасында спортту өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган жана жаш футболчуларга дүйнөдөгү эң атактуу футбол клубу – Реал Мадриддин методологиясын жана ыкмаларын үйрөнүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Эки жума бою 6 жаштан 16 жашка чейинки 150 бала Реал Мадрид фондунун жогорку квалификациялуу машыктыруучусунун жетекчилиги астында машыгат. Машыктыруучу бул жаш таланттарды шыктандыруу үчүн дүйнөдөгү эң атактуу футбол клубу тарабынан жасалган баалуу ыкмаларды жана трюктарды өткөрүп берет. “Реал Мадрид Фонду” менен иштөө келечектеги футбол жылдыздарына алардын потенциалын толук ишке ашыруу үчүн керектүү куралдарды жана көрсөтмөлөрдү берет. Бул уникалдуу мүмкүнчүлүк катышуучулардын чеберчилигин гана жогорулатпастан, спортко болгон ышкысын жандырып, ийгиликке умтулууга жана кыялдарына жетүүгө үндөйт.
Булак: Abal.kg






