ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Кимде сулуулук болсо, ал карызга берилгенин билүүгө тийиш

-Туура жолдо жүргөндөр актанууга муктаж эмес.

— Кээде абалыбызга периштелер да  суктанат, кээде шайтандар да жийиркенет.

— Кайгы — адам затты жокчулукка жетелеген жорго ат.

— Кимде сулуулук болсо, ал карызга берилгенин билүүгө тийиш.

— Дуба кылуу  —  демек, эшикти кагуу. Калганына кийлигишүү чектен ашкандык.

— Көөдөнү сокур адамдын жанында китеп сымал үнсүз бол.

— Иттердин достугу — ортолоруна сөөк ыргытылганга чейин.

— Караңгы адам гүлдүн сулуулугун көрбөй, тикенегине жармашат.

— Сабыр — алгач уу болот, бирок кулк-мүнөзүңө айландырсаң — балга айланат.

— Чыныгы сүйүүнү билген жүрөк — бир тамчы сууга да урмат кылат.

— Көңүлүң сүйүүсүн тапса, куураган талда бүчүр байлайт.

— Кимдир-бирөөдө текебердик болсо, сөз сүйлөгөн сайын пияз жыттанат.

— Китептерди окугандан мурун, өзүбүздү окуганды үйрөнөлү.

— Жалбыраксыз калдым деп сабагыңды кестирбе, эртең эле жаз келет.

— Эй досум! Эмне арманың болбосун — үмүтүң Кудайдан болсун.

— Даттануу — жаман мүнөз. Жакшылар даттанбайт сабыр кылат.

Бекжан Шыгаевдин  интернет баракчасынан алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button