ӨКМдин техникалык базасы күчтөндү.Видео

Кытайдан гранттык негизде 100 даана өрт өчүргүч унаа келди.
• 100 техниканын ичинен: 75 даанасы – 5 тонналык, 10 даанасы- 8 тонналык өрт өчүрүүчү унаа, 10у – өрткө каршы авариялык куткаруу унаасы, агитация, пропаганда ишине колдонулуучу 2 автобус, 50 метрлик 3 автошаты.
Негизги өрт өчүрүүчү унаалар-өрттүн жалынын басып, анын жайылышын чектеген көбүк суу менен автоматтык түрдө даярдалып, өрттү көздөй аттырууга болот. Өрттүн масштабына жараша жеңчелерди улап отурбастан, атайын түтүкчөлөр аркылуу жалынды көздөй заматта 60 метрге чейин суу чачууга болот. Ошондой эле ар биринде керектүү бардык шаймандар, түрдүү узундуктагы суу жеңчелери жана 5 өрт өчүрүүчүнүн кийими, каска, уулу газдан жана түтүндөн коргоочу аба шлеми, рациялар менен жабдылган.
• 8 тонналык өрт өчүрүүчү негизги унаалар мурда бизде жок болчу. Биринчи жолу 8 тонна суу бата турган өрт үчүрүүчү 10 унаа келди. Чоң көлөмдөгү суу бата турган унаа менен суусуз же суу алыс жайгашкан жерлерде өрт чыкканда тилсиз жоо менен күрөшүүдө алда канча жеңилдик түзөт. Секундасына 50-100 литр суу чачат.
• Өрткө каршы авариялык куткаруу унаасы түрдүү кырсык учурунда 5 тоннага чейин оор жүктү, автоунааны көтөрүүгө, сүйрөп чыгууга ылайыкташкан.
• Автобус агитация пропаганда ишине колдонулуучу: автобустун ичине 10 адам батып, отуруп иштөөгө ылайыкталган стол, стул, үндү аралыкка берүүчү колонка, интернет орнотуучу кабель, нотбуктар менен жабдылган.
• 50 метрлик автошаты: “мерседес” үлгүсүндөгү автошаты автоматташтырылган система менен жабдылып, компьютер менен башкарууга болот.
• Заманбап автошаты өнүккөн өкөлөрдө, айрыкча бийик имараттардагы кырсык учурунда адам өмүрүн сактоого, куткарууга жана өрт өчүрүүчүнүн кабат үйдүн чатырына жетүүсүнө ылайыкташылган.
• Мындан сырткары, бийик имараттан ыкчам түрдө адамды куткарып калууга ылайыкталган 10 өрт куткаруу жаздыгы, 5 – суу челеги келди. Бийик имараттарда, токой, тоо борунда, ачык аянттарда чыккан өрттү өчүрүүгө ылайыкталган сыйымдуулугу 2000-3500 тонна суу бата турчу 5 суу челеги алынды. Бул суу челеги М-8, М-17, К-32 үлгүсүндөгү тик учакка илинип, өрткө ири көлөмдөгү сууну төгүп, өчүрүүгө болот. Ал эми суу табигый шарттагы 2 метр тереңдиктеги көлмөлөрдөн алынат.



