Дүйнө

Казакстанда феминисттер 8-мартта Аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү талап кылып пикет өткөрүштү

23-февралда казакстандык феминисттер Жамиля Касымхан менен Мөлдир Жумабаева Алматы шаарынын бийлигинен 8-мартка белгиленген Аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү талап кылып, өз-өзүнчө бир кишилик пикеттерди өткөрүштү.

Алар Казакстанда үй-бүлөлүк жана сексуалдык зордук-зомбулук көйгөйү чечилбегенин айтып, акичиликтен 8-мартта аялдардын жөө жүрүшүнө уруксат берүүнү талап кылышты.

«Акимчилик дале болсо 8-мартта жүрүш өткөрүүгө уруксат бере элек. Үч жолу кайрылдык, үч жолу тең өтүнүчүбүздү четке кагышты. Бир жолу сотко да доо арыз бердик. Бул жүрүш маанилүү, 8-мартта ар бир аялдын үнү угулушу керек», – деди алгачкы бир кишилик пикетке катышкан Жамиля Касымхан.

Анын айтымында, Алматы бийлиги алар 8-мартта жүрүш өткөрүүнү пландаган шаардагы төрт аянт тең бош эмес экенин билдирүүдө.

45 мүнөттөн кийин Касымхандын ордуна Мөлдир Жумабаева келип, зордукталган аялдарды коргоо боюнча мыйзамды күчөтүү керектигин билдирди. Шаар бийлиги активисттерге бир маалда чогуу пикет өткөрүүгө уруксат берген эмес.

«Мен жөө жүрүшкө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу айтайын деп чыгам. Мыйзамдарда «сексуалдык опузалоо» деген термин жок. Бул совет доорунан бери келе жаткан мыйзам. Мурда мындай кылмыш үчүн айып пул салынса, азыр ал эскертүү менен алмаштырылды. Мындан өткөн кордук болбосо керек», – деди ал.

Буга чейин активисттер Алматы акимчилиги 8-мартка белгиленген аялдардын жөө жүрүшүн өткөрүүгө уруксат бербей жатканын бир нече жолу билдиришкен. 20-февралда феминисттер шаар башчысы Ерболат Досаевге каршы сотко арыз менен кайрылып, акимди 8-мартта аялдар жүрүшүнө уруксат берүүгө милдеттендирүүнү өтүнүшкөн. 21-февралда Алматы акимчилиги феминисттерге Ганди атындагы сейил бакта митинг өткөрүүгө уруксат берген. Бирок активисттер 8-мартта аялдардын жүрүшүнө да уруксат берилишин талап кылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button