ВИДЕО: Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

2023-жылдын апрель айында Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, С.С. аттуу жаран алдамчылык жолу менен ири суммадагы акчасын алдап бербей жүргөндүгүн айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча топтолгон материал Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Атайын тергөө тапшырмасынын негизинде Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, 38 жаштагы С.С. Ош облусунун Ноокат районунда жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан.



