Маданият
Бишкекте “Лейлек килемдери — 2023” фестивалы өтөт

Улуттук тарых музейи, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, Лейлек районунун Аялдар кеңеши менен биргеликтер “Лейлек килемдери- 2023” фестивалын өткөрөт.
Эл аралык музейлер күнүнө карата 18-28-май күндөрү «Лейлек килемдери-2023» фестивалы Бишкектеги тарых музейинде өтөт. Иш чаранын расмий ачылышы 18-май күнү 17.00дө болот деп билдирди уюштуруучулары.
Фестивалдын алкагындагы көргөзмөгө уз-чеберлердин колунан жаралган нукура жүндөн даярдалган килемдер жана заманбап сувенирдик буюмдар коюлат.