Каракол шаарында жергиликтүү тургун «Глобус» гипермаркетинен 16 уурулук фактысын жасагандыгы аныкталды
«Өспүрүм» операциясын өткөрүү учурунда, аталган иш-чарага тартылган милиция кызматкерлери тарабынан «Глобус» гипермаркетинен жасалган уурулук фактысы изин суутпай ачууга жетишишти. Уурулукка шектүү катары 23 жаштагы П.В. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, андан далил зат катары уурдалган азык-түлүк алынган.
Аталган факты Каракол ШИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шаардык милициянын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, кармалган шектүү жарандын «Глобус» гипермаркетинен бир катар уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.
Бүгүнкү күндө, Каракол ШИИБдин тергөө кызматы, кармалган шектүү жаран тарабынан 10-майдан 23-майга чейинки аралыкта, гипермаркеттен бардыгы болуп, 16 уурдоо фактысын жасагандыгы аныкталган. Жалпы материалдык зыян 20 000 сомду түздү.
Учурда тергөө амалдары уланууда, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.