Надира Нарматова бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамды артка чакыртып албайт жана журналистти сотко берерин айтты

Депутат Надира Нарматова бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоорун чакыртып албайт. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал журналист Асел Шамилованы сотко берүү ниети бар экенин кошумчалады. Депутат бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна байланыштуу каралап жатканын айтып нааразы болду.
Надира Нарматованын айтымында, Асел Шамилова эл өкүлүнүн үй-бүлөсү тууралуу материал даярдаган.
«Ал тургай менин маркум уулум жөнүндө да көрсөттү. Ар-намысыма шек келтирди. Бул материал Али Токтакуновдун баракчасына жарыяланды. Коррупционер болсом далилдеп беришсин… Элге кызмат кылам. Мен тазамын, ошондуктан коркпойм, ар кандай маселелерди көтөрөм», – деди ал.
Надира Нарматова ошондой эле мыйзам долбоорун чакыртып алуу ниети жок экенин кошумчалады. Ал бул демилге адам укуктарын бузбайт жана сөз эркиндигине шек келтирбейт деп эсептейт.
«Мен бул мыйзам долбоорун 2013-жылдан бери темирдей тартип орнотуу жана өлкөдө сырттан келген каржылоону көзөмөлдөө максатында көтөрүп келем. Мен өлкөнүн коопсуздугун жана биримдигин жактайм. Акча кайдан келет? Бул адамдар кайдан келген? Бул каражаттар эмнеге жумшалат? Мен сырттан келген бул каражаттардын ачык-айкын болушун гана жактайм. Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө эч кандай тыюу салынган эмес. «Мекенчил» тобундагы биздин депутаттар мени колдошот», – деди ал.
Депутаттын айтымында, өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору боюнча министрлер кабинети өз корутундусун бере элек.



