Окуялар

УКМК: Казакстандагы уюшкан кылмыштуу тобунун издөөдө жүргөн мүчөсү Бишкекте кармалды — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстан Республикасынын Мангыстау облусунун Актау шаарында 1988-жылы туулган О.И.О. кармалды, ал рейдердик жол менен басып алуу жана ишкерлерден айрыкча ири өлчөмдө акча талап кылуу менен алектенген.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалыматка ылайык, ккчам иш-чаранын жүрүшүндө, 2019-жылы Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдоону уюштурганы аныкталган. Жыйынтыгында Казакстан Республикасынын Мангистау облусу боюнча Экономикалык иликтөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, андан кийин Казакстан Республикасынын уюшкан кылмыштуу тобунун О.И.О. аттуу мүчөсүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Ошондой эле, О.И.О. опузалоо жолу менен  У.С.М. аттуу жарандын 760 миң АКШ долларын ээлеп алган. Буга байланыштуу О.И.О. уюшкан топтун курамында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Казакстан Республикасынын тергөө органдарынан жашынып, андан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.   

Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.И.О.га Кыргыз Республикасынын жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу жана ошондой эле аны коргоп жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аныкталууда.

Учурда О.И.О.нын башка Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button