Коом

Арстан Алайдын өлүмүнө №31 түзөтүү мекемесинин 5 кызматкери айыпталып, бири тергөө учурунда көз жумду

Башкы прокуратура билдиргендей, алар Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси («Шалаакылык») боюнча айыпталууда. Ишти Аламүдүн райондук соту карап жатат. 

Арстан Алай 2023-жылдын 15-декабрында диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып кармалып, декабрдын аягында  психиатрдын сунуштамасына ылайык, №31 дарылоо мекемесине которулган.

Анын каза тапканы 5-январда белгилүү болгон. Жаза аткаруу кызматы ал өз өмүрүнө кол салып көз жумганын айткан. Абдылдаевдин мойнунда электр чайнегинин зымынын изи калган. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button