Окуялар

Таласта күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип анын аялы кармалды

Талас облусунда эркек кишинин өлүмүнө шектүү делип, жарандык никедеги аялы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 23-июлда Бакай-Ата РИИБге адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат түшкөн. Анда 1988-жылы туулган жаран бычактан алган жаракатынан улам каза болгону айтылган. Бул иш электрондук журналга катталып, тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

«Шектүү катары 1989-жылы туулган аял кармалган. Ага карата «адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button