Коом
Түптө дагы катуу сел жүрдү
Түп районуна караштуу Корумду айлында катуу сел жүрдү.
ӨКМдин маалыматына караганда, бүгүн ошол эле районго караштуу Талды-Суу айылында дагы сел жүргөн.
Министрлик кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады. Белгилей кетсек, Корумду Талды-Суу айыл өкмөтүнө карайт.
2-август күнү президент өсүп чоңойгон Кең-Суу айылын (Түп району) дагы сел каптаган.
UPD: Коочуда дагы сел жүргөнү кабарланууда. Бул айыл Талды-Суу айыл өкмөтүнө карайт.



