
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» футбол академиясынын ачылышына жана башка бир катар иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Жоан Лапорта жетектеген «Барселона» футбол клубунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Мамлекет башчысы теңтуштары менен айылынын көчөлөрүндө топ ойногон кезинде башталган өзүнүн футболго кызыгуусу тууралуу айтып берди. Ошондон бери анын өмүрү спорттун бул түрү менен тыгыз байланышта. Ал клубдун легендалары менен жолугушуудан шыктанган Кыргызстандын жаш футболчулары келечекте өлкөнү Дүйнөлүк чемпионатка алып чыгарына ишенимин билдирди.
Өз кезегинде “Барселона” клубунун президенти ал башында турган футбол академиясынын Кыргызстанда ачылышын канааттануу менен белгиледи. Ал башкы филиалдагыдай окутуу ыкмасы колдонуларын баса белгиледи. Жоан Лапорта Кыргызстанда клубдун футбол академияларын ачууга мүмкүнчүлүк түзгөн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, бул иштеги мамлекет башчынын жеке эмгегин баса көрсөттү.