Коом

Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүндө сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизчү эч нерсе жок — коомчулуктун Кайрылуусу

Биз, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин ал өлкөдөгү элчибиз Эрлан Абдылдаевди чакырып, ага Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин чек аралар боюнча билдирүүсү боюнча нота тапшырганына байланыштуу коомчулукка Кайрылуу жолдоону туура көрдүк. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин нота тапшырганына каршылык билдиребиз. Кошуна өлкөнүн ТИМи «К.Ташиевдин билдирүүсү сүйлөшүүлөргө терс таасирин тийгизет» деди.

Камчыбек Ташиев өз билдирүүсүндө чек ара маселелерин тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечүүнү баса белгилеген. Ошол эле мезгилде Тажикстан тарап Кыргызстанга туура эмес дооматтарды коюп келатканын, эгерде ал дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде дооматтарды коё турганын эскерткен.

Тажикстан тарап К.Ташиевдин билдирүүсүнө эмнеге чагылгандай реакция кылып, чычалап жатат? Анткени Тажикстан койгон дооматтары туура эместигин өздөрү да жакшы билет. Ошол себептен алар сүйлөшүү, тынчтык жолун эмес, агрессиялык, чагымчылдык ыкмаларды пайдаланып келишти. Кыргызстанга карата дооматтары, келтирген жүйөөлөрү негизсиз экенин эртеби, кечпи кыргыз тарап айтышы керек болчу. Аны Камчыбек Ташиев айтты. Анын билдирүүсүндө сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизчү эч нерсе жок. Болгону Тажикстанды негизсиз дооматтарды коюудан оолак болууга чакырды.

Камчыбек Ташиев жетектеген чек ара боюнча комиссия демаркация жана делимитация маселелерин сүйлөшүү, дипломатиялык алкакта жүргүзүүдө. Эки өлкөнүн бул багыттагы сүйлөшүүлөрү паритеттик негизде болууда. Аны баарыбыз көрүп, билип жатабыз.

Бир жыл мурдагы агрессиясынын курмандыктарын эскерип, аза күтүп отурганыбызда Тажикстан тараптын кезектеги чагымчылдык кадамы туура эмес болду. Кыргызстан башынан чек ара талаштарын тынчтык жолдо чечүүнү жактап келет. Бирок тилекке каршы, дайыма Тажикстандын агрессиялык аракеттеринен улам үзгүлтүккө учурап, аягына чыгарылбай келүүдө. Камчыбек Ташиевдин: «Кыргызстан – тынчтыкты сүйгөн өлкө, бирок ар кандай агрессияга жооп берүүгө мүмкүнчүлүгү жетет» деп айтканы бар. К.Ташиевдин бул багыттагы жүргүзүп жаткан иш аракеттери мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына туура келет.

Биз жалпы кыргыз коомчулугун Тажикстандын ТИМинин нотасын четке кагып, Кыргызстандын жетекчилигинин улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясатын колдоого чакырабыз!

Тажикстан тарап дагы азыркы дүйнөдөгү геосаясий акыбалды эске алып, чек ара маселелерин дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын түшүнүүгө тийиш.

Миталип Мамытов, КР Баатыры;

Эргеш Төрөбаев, ЖК экс-депутаты;

Дөөлөтбек Шадыбеков, КР Аксакалдар кеңешинин төрагасы;

Садыкжан Камалов, Ислам цивилизациясы борборунун президенти;

Жеңиш Бекболотов, ЖК экс-депутаты;

Феликс Кулов, КР экс-премьер министри;

Накен Касиев, КР экс мамлекеттик катчысы;

Бектемир Мурзубраимов, академик;

Досбол Нур уулу,

КР экс мамлекеттик катчысы;

Мамат Айбалаев, коомдук ишмер, Баткен облусу;

Аликбек Жекшенкулов, КР элчиси;

Эсен Исмаилов, КР эл артисти, академик;

Бактыгүл Жумабаева, Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымы;

Роза Жумаева, Демократиялык Кыргызстан аялдар комитетинин төрайымы;

Бактыгүл Ибраимова, «Ак бата» уюмунун лидери;

Тойгонбек Калматов, ЖК экс-депутаты;

Асан Турсункулов, КР эл сүрөтчүсү;

Бекен Назаралиев, КР эл жазуучусу;

Салима Шарипова, КР эмгек сиңирген кызматкери;

Болот Жанузаков, генерал;

Шейшенбек Байзаков, генерал;

Абдыгул Чотбаев, генерал;

Мэлс Бекбоев, генерал;

Абибулла Кудайбердиев, генерал;

Замирбек Чолпонбаев, КР УКМК ардагерлер кеңешинин төрагасы;

Нурмамбет Токтоматов, КР эмгек сиңирген кызматкери;

Осмонакун Ибраимов, академик;

Курманбек Осмонов, КР Жогорку сотунун экс-төрагасы;

Өктөмхан Абдуллаева, КР экс вице-премьер министри;

Александр Костюк, КР экс вице-премьер министри;

Аманбай Сатыбаев, коомдук ишмер, Ош облусу;

Жусупбек Максуталиев, коомдук ишмер, Жалал-Абад облусу;

Али Нурматов, коомдук ишмер, Ош облусу;

Мукаш Мамбетов, коомдук ишмер, Ысык-Көл облусу;

Кайып Шери, коомдук ишмер, Жалал-Абад облусу;

Сапарали Аскаров, коомдук ишмер, Ош облусу;

Тайырбек Борбугулов, коомдук ишмер, Жалал-Абад облусу;

Дөөлөтбек Берикбаев, ЖК экс-депутаты;

Нарынбек Молдобаев, ЖК экс-депутаты;

Замирбек Эсенаманов, ЖК экс-депутаты;

Муктар Маматов, ЖК экс-депутаты;

Эркинтур Молдогазиев, ЖК экс-депутаты;

Абдыреим Кулбаев, ЖК экс-депутаты;

Эсенгул Исаков, ЖК экс-депутаты;

Эмил Узакбаев, ЖК экс-депутаты;

Шамшыбек Медетбеков, ЖК экс-депутаты;

Калил Жумабаев, илим доктору;

Моймол Жусупова, илим кандидаты, доцент;

Кадаңбай Бактыгулов, КР эмгек сиңирген куруучусу;

Бейшенбек Болотбеков, КР эмгек сиңирген куруучусу;

Турдубек Мамбетов, КР эмгек сиңирген куруучусу;

Надырбек Турганбаев, КР эмгек сиңирген кызматкери;

Марат Исаков, КР эмгек сиңирген кызматкери;

Токтогул Сооронбаев, КР эмгек сиңирген кызматкери;

Байымбет Мураталиев, КР эмгек сиңирген кызматкери;

Абдымалик Эгембердиев, КР эмгек сиңирген кызматкери;

Бердибек Самудинов, КР эмгек сиңирген кызматкери;

Кабылбек Бешимбаев, ардагер укук коргоочу, полковник;

Расул Умбеталиев, энергетика боюнча эксперт;

Назаркул Жоошбаев, журналист;

Бакытбек Жумагулов, саясат талдоочу;

Бекболот Талгарбеков, КР эмгек сиңирген кызматкери;

Жанболот Өмүрбеков, ишкер, Бишкек шаары;

Эрик Мамбетов, ишкер, Чүй облусу;

Эмир Шакиров, ишкер, Бишкек шаары

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button