Спорт

Камчыбек Ташиев боксчуларды Азия оюндарына узатууга келип, спортчулардын духун көтөрдү — ВИДЕО

2023-жылдын 17-сентябрында Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун бокс залында КР бокс боюнча улуттук курама командасы менен КР Улуттук бокс федерациясынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич боксчуларды Азия оюндарына узатуу үчүн атайын келип, Олимпиадалык оюндарга лицензия жеңүүгө, акырына чейин күрөшүп, кыргыздын духун унутпашына тилектештигин билдирип жылуу сөздөрүн айтып кетти.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын президенти Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Жеңишбек Шерматович, УОКтун президенти Мамытов Садыр Куштарбекович дагы каалоо-тилектерин айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button