ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

9-класстан баштап подъездде да зордуктап жүрүп, акыры бактысыз кылды

«Азыр 3 баланын энесимин. Бирок, жашоодо бактысызмын»… — деди редакциябызга баш баккан келин. Ал өзүнүн оор тагдырына жолдошун жана өзүн гана күнөөлөйт. Сөз башынан болсун:

«Мен ал кезде 9-класста элем, ал 23 жашта эле. Жаш экенмин, анын мүнөзү катуу болгондуктан, анын сөзүнө ишенгем. Ошентип ал менин биринчи жана акыркы жигитим болду. Ал мени манипуляциялап, түн жарымында короого чыгууга мажбурлачу. Анан мени көчөдө, жада калса подъездде да зордуктачу. Мен анда мектеп окуучусу болгондуктан, бул тууралуу ата- энеме айта алган жокмун. 

Ошентип жүрүп аялдардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөргө туш боло баштадым. Анын зордук- зомбулугунан кийин дайыма кан агып жатты. Чакырганда  чыгуудан баш тартсам, жылаңач жүргөнүмдү сүрөткө, видеого тартып алганын айтып, бүт районго таратам деп коркутар эле. 

Бир ирет  мен баш тартканымда ал мени сабап салды. 

Мен ал кезде жаш болгондуктан, азыр ойлосом, абдан келесоолук кылыптырмын.

Кош бойлуу экенимди да байкабай калдым. Көчөдөгү ажатканада төрөп салгыча билбей жүрө бердим. Бул кылыгым менен  ата-энемди шерменде кылдым.

Биз РИИБге арыз жаздык, бирок ата-энеси мени кабыл алабыз деп көндүрүп, баласын абактан  сактап калышты. Ошентип экөөбүз баш коштук. Менде башка арга жок эле. Анан баары башталды. Баягы эле улуулардын түгөнбөгөн кеп-сөзү. Анын үй-бүлөсү тарабынан зордук-зомбулук. Кайнене, кайнатам да мага кысым көрсөтүп жатты. 

Андан бери 6 жыл өттү.  3 балалуу болдук.

Бир күнү жолдошум анын абдан сулуу сүйгөн адамы бар экенин, аны аябай сүйгөнүн, бирок ал аны таштап кеткенин айтты. Аны жек көрүп, өч алуу максатында мени ушундай кылып кордоптур. 

Жашоомду талкалады.  Сени сүйбөйм, сүйгөн да эмесмин, кете бер деди.

Учурда ден-соолугум жайында эмес. Анысы аз келгенсип күйөөм ар күнү мени сүйбөсүн эскертип турат.

Эмне кыларымды билбей турам. Ата-энем ажырашып кеткенимди колдобойт, бир жолу мен алардын келесоо кылыгым менен көңүлүн калтырдым… жашоо мага кызыксыз жана бактысыз экенимди дайыма сезем… Балдарым үчүн гана жашап жүрөм, болбосо тирүүлүктүн тозогун тартып келем…» — деди маектешим.

Дамира Асылбекова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button