Коом
Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиадага балдарды даярдаган мугалим Кылычбек Ураимовго 7 миң доллар тапшырды

Анын окуучулары Венгрияда өткөн информатика боюнча олимпиадада Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күмүш жана 2 коло медалга ээ болду. Бул мелдешке 90 өлкөнүн 355 окуучусу катышкан.
2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң доллар, коло медаль үчүн Тенгиз Беккоенов менен Алихан Айдарбековго 1 миң доллардан ыйгарылды.
@user2



