Президент кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 34 жыл болгонун эске салып, тилге олуттуу мамиле жасоо керектигин айтты.
“Бүгүнкү күндө кыргыз тили чектелүү чөйрөдө: коомдук-саясий жана маданий тармактарда колдонулуп, билим, илим жана техника чөйрөсүнө сүңгүп кире албай келет. Биз мамлекеттик тилибизди кеңири жайылтып, аны андан ары өнүктүрүү үчүн кыргыз тилин мамлекеттик саясаттын негизги багыты катары кароо менен өлкөнүн расмий турмушуна терең сиңирүүбүз кажет”, — деди Жапаров.
Ал тил жөнүндө быйыл кабыл алынган мыйзам мамлекеттик тилдин мындан аркы өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болорун билдирди. Ошондой эле ар кандай документтерди башка тилде жазып, андан кийин кыргыз тилине которуу тажрыйбасынан арылышуу керектигин айтты.
“Мамлекеттик тилдеги билим берүү тутумунун пайдубалынан бери кайра карап, кыргыз тилинде билим алып, оюн туюнтуп, кагазга түшүрө алган кызматкерлерди азыртадан өстүрүп чыгуубуз зарыл”, — деди өлкө башчы.