УКМК: К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-берененин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү — Ош облусунун Ноокат районунун тургундары, 1980-жылы туулган М.Г.К. жана анын жакын адамы 1973-жылы туулган Т.Т.О. кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.
М.Г.К.га тиешелүү 08KG257AGH мамлекеттик номурлуу “Тойота Ленд Крузер Прадо” үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу куралдар, баңгизаттары, ошондой эле “ТОЗ-8” маркасындагы 50 даана 5,6 мм патрондору менен чакан калибрлүү мылтык, 16мм калибрдеги 10 патрон жана “Сталь” мергенчилик бычагы табылып алынды.
Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык М.Г.К. Баткен РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.




