Эркек баламын, кызга айлангым келет

Редакциябызга окурмандардан ар түрдүү каттар келет. Жан дүйнөсү ооруп, коомчулук менен ичиндеги ойлорун бөлүшкүсү келген жигиттин суранычын четке кага алган жокпуз
Мен уул баламын 21 жаштамын, акыркы убактарда аябай кыйналып кеттим. Дайымв жалгыз болууну самайм. Депрессия, стресс болуп өзүмдү-өзүм түшүнө албай жүрөм.
Жан дүйнөм да назик көп ооруйт, өзүмдү толук эркек сезе албайм.Алдык гармондор бар окшойт менде эркекке таандык мүнөз, жүрүм-турум жок. Негедир күн санап аял болууну самай баштадым.
Күн өткөн сайын жашынып кыздардын кийимин кийем, күзгүгө карап таранып-түзөнөм. Ал тургай оозумду кызыл помада менен да боёп көрдүм. Мага абдан жакты. Өкүнүчтүүсү үйдөгүлөргө, көчөгө бул боюнча чыга албайм.
Бул кылгандарымды жакындарымдан эч ким билбейт же өзүм ачыка чыгара албайм. Дсторум менен да сүйлөшпөй алыстап кеттим. Жалгыздыктан кыйналып кеттим, өзүмө окшош дос издейм, мени түшүнгөн адамдарды издеп сырдаш болгум келет.
Иштейин десем ишке көңүлүм жок, колуман да эч нерсе келбейт. Башка эркектердей болуп аларга аралашып баарлашып, иштеп кете албайм.
Акыркы убакта социалдык тармакта отуруп күн өткөрөм. Ал жакта ар ким менен пикир алышып көңүл ачам. Кээде жыныстык катнашта да эркектерди каалайм. Молдого деле барып дем салдырып көрдүм, таасир берген жок.