Коом
Ош облусунда жер титирөө катталды
![](https://abal.kg/wp-content/uploads/2023/10/7AFB8CCE-7241-415C-B1FF-C69E7091DAD2.jpeg)
2-октябрь күнү саат 20:03 чамасында Тажикстандын аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме жасап маалымдады.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибээ, Кулчу, Жар-Башы, Карамык, Кара-Тейит, Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.