Коом

Бишкектин саммитке даярдыгы. Мэрия кандай иштерди жасады?

Борборд калаанын муниципалитети тарабынан алдыдагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине даярдык көрүү боюнча тапшырмалар аткарылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

  • «Аска-Таш» комплексинин аймагында жайгашкан фонтанды жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Анын аймагында 100дөн ашык жарык берүүчү приборлор орнотулуп, монументти жарыктандыруу ишке ашырылды, 20 даана декоративдүү жарык берүүчү таянычтар орнотулду.
  • «Аска-Таш» комплексинин жанындагы унаа жолду кеңейтүү, Фучик көчөсүндөгү аялдамаларды жана тротуарларды оңдоо иштери толугу менен аткарылды.
  • Фучик көчөсүндөгү «Аска-Таш» комплексинен Ленский көчөсүнө чейинки жолдун эки тарабына 1600 бетон тосмолор орнотулду. Ошондой эле 8 500 даана гүл отургузулду.
  • Чүй проспектисинин Бейшеналиева көчөсүнөн Ю.Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүнө Ош базарынын аймагына 1760 туя отургузулду. Бүгүнкү күндө кошумча 2700 туя алып келүү үчүн келишим түзүлдү. Ошондой эле, Чүй проспектиси менен Ю. Фучик кѳчѳсүнүн кесилишиндеги стелланы реконструкциялоо жана айланасын ландшафттык жасалгалоо иштери жүргүзүлдү.
  • Манас проспектисине 10 200 метр узундукта туя кѳчѳттѳрү отургузулду.
  • Ч.Айтматов проспектисинде Семетей көчөсүнөн баштап Ажыбек Баатыр көчөсүнө чейин кабелдер төшөлүп, 216 даана мамычалар коюлду.
  • 21 930 даана бир жылдык жана 1500 даана көп жылдык гүлдөр отургузулган.
  • Ошондой эле кѳчѳлѳрдүн чѳптѳрүн чабуу, сугаруу, дүмүрлѳрдү алуу, бак-дарактарды бутоо, мамыларды сырдоо жана таштанды челектерин оңдоп түзѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ.
  • Манас көчөсү-Ч.Айтматов проспектисиндеги жол чиймелер толугу менен жаңыртылды. Бүгүнкү күндө Фучик көчөсүндөгү, Жибек-Жолу проспектисиндеги, Чүй проспектисиндеги жол чийиндерди жаңыртуу, ошондой эле Чүй проспектисиндеги тротуарларды оңдоо иштери жүргүзүлдү.
  • 24 жарнама конструкциясын жана 5 аялдама комплексин бузуу иштери жүргүзүлүп, учурда алардын бардыгы толугу менен бүткөрүлдү. Ошондой эле 9 заманбап аялдама комплекстери орнотулду.
  • Үйлөрдүн фасаддарын оңдоо (сырдоо) иштери аяктады. Үйлөрдүн жана объектилердин 60ка жакын фасады толугу менен жаңыртылып, 70тен ашык тосмолор калыбына келтирилди.
  • Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте келген өлкөлөрдүн жарнамалык видеороликтерин, баннерлерин жана желектерин орнотуу боюнча иштер жүргүзүлдү жана аларды илүүгө даяр.

Бул иштерди жүргүзүү ушул жылдын башында пландаштырылган.

СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

УКМК Көлбаевдин байлыгынын ичинен өзүнүн үйүн көргөн жаран тууралуу маалымат берди

 15:49 11.10.2023 0 

Бишкектин борборунда жыл аягына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

 14:54 11.10.2023 0 

Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы кыз Бишкекте табылды

 14:08 11.10.2023 0 

Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн абалын көрдү (сүрөт)

 12:52 11.10.2023 0 

Ысык-Көлдөгү жаратылыш паркында күрөң аюнун саны көбөйдү

 11:47 11.10.2023 0 

Комментарий кошуу Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * — сөзсүз толтурулушу керекКомментарийАты *Email *Дагы комментарийлерди калтырып туруу үчүн менин атымды, email дарегимди сактап коюңуз.

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

Жактоочу: «26-сентябрга караган түнү Адахан Мадумаровдун жүрөгүнүн согуусу 4 жолу токтогон»

 17:11 10.10.2023

Милиция «форманы чечейин анан мушташабыз» деген жигитти издеп жатат

 11:14 11.10.2023

Назарбек Шералиев Камчы Көлбаевдин идеологиясын колдобой турганын айтты (видео)

 16:56 10.10.2023

АРХИВ

ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 

« Сен    https://widgets.2gis.com/widget?type=firmsonmap&options=%7B%22pos%22%3A%7B%22lat%22%3A42.8711835806011%2C%22lon%22%3A74.61378693580629%2C%22zoom%22%3A15%7D%2C%22opt%22%3A%7B%22city%22%3A%22bishkek%22%7D%2C%22org%22%3A%2270000001045220929%22%7D

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Куренкеев көчөсү, 180.

Кеӊсе
+996 (312) 88-29-00
+996 (770) 88-29-00
[email protected]

Реклама бөлүмү
+996 (312) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
[email protected]

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта     Купуялык саясаты

©2023 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон. КИРҮҮ КАТТООСуперТВКАБАРЛАРЖарнамаБайланыш©2022 SuperTV. Бардык укуктар корголгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button