ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Эркектер аялдарга салыштырмалуу стресске катуу кабылышат

Бүгүнкү күндө адамдар стресске көп кабылат. Бул нерсе кишинин ден соолугуна өзүнүн терс таасирин тийгизет. Ал эми эркектер аялдарга караганда стресске катуураак кабылып, андан чыгышы оор болорун психолог Эрмек Кашкомбаев Sputnik Кыргызстан радиосундагы  маегинде айтып берген.

Стресс – организмдин көйгөйлөргө болгон табигый реакциясы. Ал позитивдүү (эустресс) жана негативдүү (дистресс) болуп бөлүнөт.

«Эустресс ички туюмдарды топтоп, жасоого оор, кээде мүмкүн эмес болгон нерселерди аткарууга жардам берет. Мисалы: эрдик көрсөтүү, кыска убакытта рекорд коюу сымал кадамдар. Ал эми дистресс, тескерисинче, организмди кыйнап, кыжырлануу, ачууланууга алып келет. Дистресске кабылган аялдар көбүнчө сүйлөшүп же ыйлап, ошону менен ички сезимдерин сыртка чыгара алса, эркектерге бул ыкма жарабайт. Алар көйгөйүн ичине катып, түнт болуп кетишет. Мындан улам инфаркт болуп, тестостерон азайып, ашказан ооруларына кабылышат”, — деген Кашкомбаев.

Психолог ошондой эле эмне үчүн эркектер стрессти оор кабыл аларын түшүндүрдү.

“Жигит деген ыйлабайт», «эркек күчтүү болушу керек” деген сөздөрдү бала чагыбыздан эле угуп келебиз. Дал ушул сөздөр алардын стрессти ичине катып, сезимдерин сыртка чыгарбай алып жүрүшүнө себеп болот. Эркектерде жардам суроо, ичиндегинин баарын айта берүү же жаш төгүү сымал кадамдарга ички психологиялык тыюулары жол бербейт”, — деп түшүндүргөн адис.

Булак: Спутник-Кыргызстан

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button