КР Эсептөө палатасы Кочкор районунун бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 35 млн 979,6 миң сом каржы бузууларды аныктады
2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Коллегиясында, 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгына карата Кочкор районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин отчету каралды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Кочкор районунун бюджетинде – 35 млн 979,6 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттик каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү – 3307,5 миң сом;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 97,0 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджетке которуу/эсепке киргизүүдө укуктук негиздердин жоктугу же туура келбеши – 195,3 миң сом;
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу – 502,6 миң сом;
- капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууда бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар– 1386,4 миң сом;
- милдеттенмелерди кабыл алуу, тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) – 1742,1 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар – 251,8 мин сом;
- мүлктү сактоонун камсыздалбашы – 2936,1 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 79,4 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар – 62,5 миң сом;
- бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуу – 20327,1 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуулар – 5091,8 миң сом.
Мындан тышкары 11 (он бир) жол-жоболук бузуулар аныкталган.
Аудиттин материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына — Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.