Коом
Кыргызстанда эмки жумадан тарта күн жылыйт
Келерки аптанын башынан тарта өлкөдө абанын температурасы +16 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Күн ушул жуманын аягы, тагыраагы, ишембиден тарта жылып баштайт.
23-декабрда абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 9…14 грудуска жетсе, Таласта 9…11, Ош, Баткен, Жалал-Абадда 11…13 градус жылуу болот. Ал эми Ысык-Көлдө 4…9, Нарында 2 градуска чейин жогорулашы ыктымал.25-26-декабрда Бишкек шаары, Чүй, Талас облустарында, өлкөнүн түштүгүндө дагы абанын температурасы 16 градусту көрсөтөрү айтылды. Нарында 2…4, Ысык-Көлдө 3…8 градус жылыйт деп божомолдонууда.



