Коом
Айыл чарба министрлиги кийинки жылы суу тартыш болот деп кооптонуунун кереги жоктугун айтты

“Биз булактардан чарбалар аралык канал системаларына 8 миллиард куб метр суу алып, дыйкандардын сугат иштерине 5 миллиард куб метрден ашык суу беребиз. Кийинки жылга карата прогноз боюнча, негизинен олуттуу кооптонууну көргөн жокпуз. Бардыгы Кыргызгидрометтин берген божомолунан көз каранды”, — деди айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.



