Дубайда Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курамалары контролдук беттеш өткөрдү

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командалары контролдук беттеш өткөрдү.
Оюн бүгүн Дубайдагы «Аль-Наср» стадионунда өттү.
Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөрсүз жабык форматта орун алды.
Беттеш 1:5 эсебинде Өзбекстандын курамасынын жеңиши менен аяктаган.
Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, атаандаштын дарбазасына жалгыз голду Бактыяр Дүйшөбеков киргизген.
Эскерте кетсек, Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.
Алдыда боло турган Азия чемпионатына катышуу улуттук кураманын тарыхында экинчи болуп калмакчы. Футболчулардын астында Азия Кубогуна жана 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга күрөштү улантуу үчүн Азиянын 18 мыкты командасынын бири болуу милдети турат.


