УКМК: Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директорунун орун басары кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин лизингдик иш чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансында турган мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Р.К.Б. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



