Без рубрики
КР Эсептөө палатасы Ноокат районунун бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 23 млн 030,4 миң сом каржы бузууларды аныктады
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Ош областынын Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жана 2022-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн. Бул туурасында Эсептөө палатасынан билдиришти.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпысынан – 23 млн 030,4 миң сомдук каржы бузуулары аныкталган, анын ичинен:
- бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 954,5 миң сом;
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, ошондой эле туумдарды жана айып пулдарды эсептөө, төлөө боюнча көзөмөлдөө чараларынын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 1273,8 миң сом;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 86,4 миң сом;
- максатсыз чыгымдар – 30,5 миң сом;
- казынага түшпөй пайдаланылган каражаттар –185,5 миң сом;
- курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу – 2191,5 миң сом;
- эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 1054,8 миң сом;
- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдалышы –551,8 миң сом;
- товардык-материалдык баалуулуктардын, акча каражаттарынын ченемден ашыкча корлору – 270,5 миң сом;
- отчет берүүчү кызматкерлердин иштен бошогондон кийин, алар тарабынан отчеттуулукка берилген акча каражаттарынын кайтарылбашы – 100,0 миң сом;
- негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 11287,0 миң сом;
- мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 2023,5 миң сом,;
- тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 100,7 миң сом;
- ижара келишимин бузуу – 45,0 миң сом;
- эмгек акы, иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 439,3 миң сом;
- дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 2435,8 миң сом.