Коом
Эне-балдарды өлтүргөн Чынтемир Аширалиев:”Күнөөмдү жарым-жартылай мойнума алам”

Бул тууралуу ал бүгүе Бишкек шаардык сотундагы отурумда айтты.
“Менин күнөөм эмнеде? Туура эмес убакта, туура эмес жерде болуп калдым, анан качып кеттим. Плюс холодное оружие. Мени балдарды өлтүрдү деп ойлогондор, силердин да башыңарга ушундай келсин”, — деди Аширалиев.
Ал ошондой эле маркум Алтынай Канзамановага үй сатып алууга акчалай жардам бергенин, ДНК тест чыгарылбаганын, баланы муунткан кол эркекке же аялга тиешелүү экендиги такталбаганын кошумчалады.
“Канзаманова Алтынай менен 2010-жылдан бери дос мамиледе болчубуз. Айына бир же эки айда бир жолукчубуз. Бир милиционерге арыз жазып, ошол күнү менден консультация алганы чакырган”, — деп билдирди Аширалиев.



