Коом

Иляз Урманбетов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 21-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган Иляз Урманбетовду жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Белгиленгендей, буга чейин Иляз Урманбетов уюштуруу жана инспектордук бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Ошондой эле жыйында уюштуруу иштери жана инспектордук бөлүмүнүн башчысы кызматына Бакыт Иргебаев дайындалганы белгилүү болду.

Уланбек Далиев жаңы курамдын натыйжалуу иш алып барарына ишеним артып, аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашырууда алардын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button