Бишкекте милиция кызматкерлери алдамчылык менен алектенген эл аралык кылмыштуу топту кармады

Алдамчылык менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Топтун курамында жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары бар. Кылмыштуу топту кармоо операциясы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Бишкек ШИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Октябрь райондук ИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаары боюнча ИИМдин атайын операциялар бөлүмүнүн жоокерлеринин күч колдоосунда жүргүзүлдү.
Бишкек шаарында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыштуу топтун кеңсесин тинтүү учурунда: ноутбуктар, уюлдук телефондок, уюлдук операторлордун сим-карталары, эстутум карталары (флешкалар), банк карталары, акча каражаттар, гашиш баңги зат алынды.
Буга чейин 16-17-февралда шылуундардын тобу алдоо жолу менен өлкөнүн жашы өтүп калган тургундарынын акчаларын алып кетүүгө үлгүргөнү кабарланган. Кылмышкерлер телефон аркылуу улгайган жарндарга чалып, туугандары жол кырсыгына кабылганын айтып, чабармандар аркылуу акча каражатын берүүнү суранышкан. Ошентип алар тургундардын жарым миллион сомдон ашык акча каражатын алууга үлгүрүшкөн. Бул алдамчылык учурлар коомчулукта чуулгандуу нааразычылык жаратты.
Алдамчыларды кармоого ички иштер органдарынын бардык күчтөрү киришип кыска мөөнөттө изин табууга жетишти.
Азыркы учурда кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, бардык жагдайларды жана кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.