ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Бишкекте сойкулардан акча талап кылган шектүү “жалган милиционерлер” кармалды

Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгына Бишкек шаарында көптөн убакыттан бери туруктуу уюшкан кылмыштуу топ иштеп жаткандыгы, анын уюштуруучусу “Ы” аттуу жаран мурда бир нече жолу соттолгон, алдын ала жасалма кызматтык күбөлүгүн жана белгисиз маркадагы куралын көрсөтүп, милиция кызматкери деп өзүн тааныштырып жүргөн.

Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, «Притон-Бабочка» рейдинин шылтоосу менен профилактикалык иш-чарага шылтоолоп, интимдик кызмат көрсөткөн кыздардан дайыма акча талап кылышчу. Бул адамдар акча каражаттарын накталай, кээ бир учурларда M-BANK тиркемесине которуу же башка банктык операциялар аркылуу алышат.

Аталган фактынын негизинде Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголду.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан жана Бишкек ШИИББнын Атайын операция отрядынын жоокерлеринин күч колдоосу менен 1995-жылы туулган И.Ы., 2002-жылы туулган А.Э., 2003-жылы туулган И.А.  жана 1995-жылы туулган Э.А. жарандар аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, кылмышка шектүүлөрдүн биринен кызматтык күбөлүгү табылып, алынып жана тиешелүү экспертиза дайындалды. Ошондой эле башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилет.

Учурда кылмыш иликтөө уланууда.

Көңүл бургула! Урматтуу борбор калаанын жарандары жана коноктору, эгерде сиздерде интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген адамдар же жайлар боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, дароо төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: Whatsapp 0(701) 700-251, 0(312) 43-73-75 жана 24 саат бою байланышта болгон 102 кыска номерине. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button