ДүйнөСпорт

Кыргызстандык сегиз балбан Олимпиадага жолдомо алуу үчүн Стамбулда күч сынашат

Кыргызстандык сегиз балбан Париж Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.

Дүйнөлүк олимпиадалык квалификациялык турнир Түркиянын Стамбул шаарында 9-майда башталат. Анда Олимпиадага оюндарына жолдомолор ойнотулат. Мелдеште ар бир салмак боюнча үч балбанга лицензия берилет.

Кыргызстандын атынан бул турнирге 8 спортчу катышат:

Кыз-келиндер күрөшү боюнча: 

— Сезим Жуманазарова – 57 кг.

Грек-рим күрөшү боюнча: 

— Азат Салидинов — 87 кг;
— Үзур Жусупбеков — 97 кг;
— Роман Ким — 130 кг.

Эркин күрөш боюнча:

— Орозобек Токтомамбетов — 74 кг;
— Атай Изабеков -86 кг;
— Андрей Аронов — 97 кг;
— Айаал Лазарев — 125 кг.

Эл аралык турнирде грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге биринчилерден болуп чыгышмакчы.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button