
Транспортто жалпы 15 жүргүнчү жана айдоочу болгон.
«Известия» каза болгондордун арасынан үчөөнүн аты-жөнүн жарыялады. Алардын бирөө 29 жаштагы теги казакстандык Марина, экөө Петербургдун 42 жаштагы жашоочулары Елена менен 56 жаштагы Андрей.
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган, унаанын тормозу да иштебей калган болушу мүмкүн.
Окуядан кийин РФтин Кылмыш-жаза кодексинин «Транспорт каражатын башкаруу эрежелерин бузуу менен байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү» беренеси менен иш козголду.