Пайдалуу кеңештер

Бала мектептен ыдык көрүп жатканын кантип билсе болот? Психологдун кеңеши

Адис ыдык көрсөтүү психологиялык агрессиядан башталып, кибербуллингге чейин жетерин белгиледи.
Бала начар уктап, түнт боло баштаса мектептен ыдык көрө баштаган болушу мүмкүн. Ыдык көрсөтүү психологиялык агрессиядан башталып, кибербуллингге чейин жетиши ыктымал.

«Буллинг — бул татаал жана олуттуу көрүнүш. Бала басмырлоонун , шылдыңдын курмандыгы болуп калганын өз убагында түшүнүү маанилүү. Көбү ата-энесине көйгөйүн айта бербейт, бирок жүрүм-турумунда өзгөрүүлөр сөзсүз болот.

Мисалы, бала начар уктап, түнт болуп, мектептен маанайы начарлап кайтса ал кордолуп, мазакталып жатышы ыктымал», — дейт адис.

Адис өспүрүмдөрдүн көйгөлөрүнүн көпчүлүгү убагында көңүл бурулбагандыктан келип чыгарын, майда-барат нерселерге да «эч нерсе болбойт» деп кайдыгер мамиле жасоого болбой турганын кошумчалады. Анын айтымында, эң башкысы, бала менен убакыт өткөрүп, баарлашып туруу зарыл.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button