Маданият

Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтөт. Программасы

Бишкекте 15-16-майда Өзбекстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Эки күнгө созулган кино күндөрүндө көрүүчүлөргө өзбек тасмалары «Россия» кинотеатрында акысыз көрсөтүлмөкчү.

Программасы:
— 15-май, саат 18:30 — «Абдулла Орипов» (режиссер М.Эркинов);
— 16-май, саат 16:30 — «Стойкость» (режиссер Р.Маликов), саат 18:10 — «Өзбек кызы» (режиссер А.Бектурдиева) тасмалары тартууланат.

Кинолор көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөр авторлор менен тасманы талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.

Белгиленгендей, маданий иш-чара Кинематография департаменти, Кыргызстан кинематографисттер союзу, «Кыргызтасмасы» киноборбору» мекемеси жана Өзбекстандын маданият министрлигине караштуу Кинематография агенттиги менен биргеликте уюштурулууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button