Окуялар

УКМК: Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун Ирактын согушкери кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат  борборунан  билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «ИГ» эл аралык террордук уюмунун согушкерлеринин бири, 1993-жылы туулган КР жараны  М.У.А. кармалды.

Аталган жаран чет өлкөдө иштеп жүргөндө дистанттык түрдө жумушка  алынып, андан кийин 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу транзит менен Сирияга кеткен.

Мосул шаарындагы (Ирак) логистикалык лагерлерде диверсиялык жана күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, ЭТУ тарабынан Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button