Коом

ИИМде адам сатууга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана аракеттер тууралуу маселелерин талкуулашты

2024-жылдын 15-майында ИИМде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин ЕККУнун адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү жана координатору Кари Джонстон менен жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга ЕККУ Катчылыгынын өлкөлүк визиттердин жетекчисинин жардамчысы Александра Донскова-Хубер, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңешчиси Амир Ишматов катышышты.
Тараптар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын адам сатууга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралары жана аракеттери тууралуу маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев тыгыз өз ара аракеттенүү, эл аралык жана аймактык мейкиндиктеги кырдаал тууралуу ар дайым кабардар болуу, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу адам сатуунун алдын алууга жана анын терс кесепеттерине жол бербөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Министрлик зарыл болгон маалымат алмашууда гана эмес, тажрыйба алмашууда да кылмыштуулукка каршы натыйжалуу жана таасирдүү күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен дараметин өнүктүрүүгө умтулат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар адам сатууга каршы күрөшүү жаатында мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button